20.02.2020 17:29

А. Саймаитинин өлүмү: Депутаттык комиссия иш мөөнөтүн узартты

А. Саймаитинин өлүмү: Депутаттык комиссия иш мөөнөтүн узартты

Бажыдагы аткезчилик. Анын аркасынан каза тапты делген кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутаттык комиссия корутундусун чыгарууга жетишпей жатат. Эми алардын иш мөөнөтү 21-мартка чейин узартылды.

Маалыматка караганда, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү “жаңы жагдайлар пайда болгонун” негиз келтиришкен.

Айеркен Саймаитиге байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү убактысын узартуу боюнча чечим бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кабылданды.

Эске салсак, 2019-жылы "Азаттык" радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги жарыялаган Кыргызстандан көмүскө чыгарылган миллиондогон доллар тууралуу иликтөөлөрдө Саймаити бир канча билдирүү жасаган. Ошол жылы ноябрда өзү Стамбулда атып өлтүрүлгөн.

Иликтөөлөрдө көмүскө акча агымдарына Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин айтылган. Ал өзү иликтөөдө сөз болгон 700 миллион долларга эч кандай тиешеси жок экенин, мунун баары «жалган жалаа» деп эсептей турганын билдирген.

11-февралда депутаттык комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов менен Алтынбек Сулайманов чакырылары айтылган.