04.03.2020 13:32

Матраимовдун байлыгы: Нурбек Токтакуновдун арызы мурун козголгон кылмыш иштеринин алкагында каралат

Матраимовдун байлыгы: Нурбек Токтакуновдун арызы мурун козголгон кылмыш иштеринин алкагында каралат

Күн мурун, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту юрист Нурбек Токтакуновдун журналисттик иликтөөлөргө байланыштуу жазган арызы боюнча ишти карай баштады. Бул тууралуу “Азаттык” үналгысы жазып чыкты.

9-декабрда «Прецедент» укуктук тобунун жетекчиси Нурбек Токтакунов Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов боюнча Башкы прокуратурага арыз менен кайрылган. Токтакунов бир катар журналисттик иликтөөлөргө, расмий билдирүүлөргө таянып, Матраимовдун чыгашасы кирешесинен көп экенине көңүл бурууну жана мыйзам бузулганы аныкталса, чара көрүүнү өтүнгөн.

Бирок башкы көзөмөл орган бул арыз журналисттик иликтөөнүн негизинде козголгон кылмыш иштеринин алкагында каралаарын билдирди.

Былтыр «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» жана «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Аларда Матраимовдун аты аталган.

Райымбек Матраимов иликтөөлөрдө сөз болгон 700 миллион долларга тиешеси жок экенин, анда айтылган маалыматтарды «жалган жалаа» деп эсептей турганын айтууда.

Мындан кийин анын бир тууганы, депутат Искендер Матраимов, үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» сотко кайрылышкан. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop.kg» жана 24.kg сайттарынан жалпысынан 60 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Бул иш сотто өзүнчө каралууда.