06.03.2020 12:27

Кой-Таш окуясы: Соттук отурумдар жабык өтөт

Кой-Таш окуясы: Соттук отурумдар жабык өтөт

Бүгүн, 6-мартта Бишкектин биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттун баштапкы угуулары уланууда. Анда отурумдар жабык эшик артында өтөөрү белгилүү болду. Мындай чечимди ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков кабыл алды.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев жактоочулар судьядан сотту ачык өткөрүүнү сурап, аны мамлекеттик айыптоочулар да колдогонун билдирди. Бирок Марат Сыдыков Жазык процесстик кодекстин 281-беренесине таянып сотту жабык өткөрүүнү чечкен.

«Прокуратура эл көзүнө «сот ачык өтсүн» деп айтты. Бирок булар алдын ала сүйлөшүп алган. Судья Жазык процесстик кодекстин 281-беренесине шилтеме берип «эки адамдын бири-бири менен жазышканы жабык сотто каралышы керек» деп чечим чыгарды. Бул туура эмес. Мыйзам боюнча алардын жазышканы материалды изилдөө учурунда каралат. Биз ага жете элекпиз да. Башында болгону күбөлөр суралат», - деди Жоошев.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина соттун токтому даттанууга жатпайт деп билдирди.

6-мартта Кой-Таш окуясы боюнча баштапкы соттун жыйыны аяктады. Иш 23-марттан баштап карала баштайт.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет  жана Ички иштер министрлиги Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта отурат.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши февраль айында сотко өткөн. Баштапкы соттук жыйын 3-мартта башталган.