05.03.2020 10:46

Матраимовдордун мыйзамсыз байлыгы боюнча жактоочу Токтакуновдун арызын сот кабыл албай койду

Матраимовдордун мыйзамсыз байлыгы боюнча жактоочу Токтакуновдун арызын сот кабыл албай койду

Бишкектин Биринчи май райондук соту жактоочу Нурбек Токтакуновдун УКМКнын кызматкерлеринин иш-аракетине каршы жазган доосун четке какты. Бул туурасында 24.kg агенттиги юристтин өзүнө таянып, жазып чыкты.

Анын айтымында, мурдараак ал соттон УКМКнын тергөөчүсүн «Азаттыктын» иликтөөсүндө кеп болгон Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз баюусу тууралуу фактыны Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине каттоого милдеттендирүүнү суранып кайрылган.

«Башкы прокуратура биздин арызды УКМКнын тергөөчүсүнө жөнөттү. Тергөөчүдө эки жол бар эле  — бирдиктүү ресстрге каттоо, же болбосо, номенклатурага көчүрүп жазуу. Бирок ал мыйзамда жок чечим кабыл алды — арызды маалыматты каттоо журналында калтырып, ошону менен ишке кошуп койгон түр көрсөттү. Эгер аны ишке кошкон болсо, катташы да керек болчу», — деди Нурбек Токтакунов.

Юристтин арызын четке кагуу менен судья Абдразак Боромбаев иш жүзүндө укук коргоочулардын ишин аткарбай жатканы мыйзамсыз экенин моюнга алуудан баш тартты.

Башкы прокуратуранын өкүлү сотто Нурбек Токтакуновдун арызы маалыматтарды каттоонун автоматташкан маалыматтык базасына киргизилгенин билдирген.  Кийинчерээк Башкы прокуратура кайрылууну мурда козголгон кылмыш иштердин алкагында кароо үчүн УКМКга өткөрүп берген. УКМКнын маалыматы боюнча иликтөө бүтө элек.