11.02.2020 14:08

Кыргыз-Кытай товар жүгүртүүсү: импорттолгон товардын суммасындагы айырмачылык 3 миллиарддан ашат

Кыргыз-Кытай товар жүгүртүүсү: импорттолгон товардын суммасындагы айырмачылык 3 миллиарддан ашат

Бүгүн, 11-февралда кытайлык ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча депутатык комиссиянын отуруму өтүүдө.

Ал жакта депутаттардын суроолоруна жооп берүу үчүн Бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев чакырылган.

Суроолордун арасынан кыргыз-кытай соода-экономикалык алакасындагы көйгөйлөр көтөрүлдү. Тагыраагы кыргыз-кытай товар жүгүртүүсүндөгү айырмачылыктар.

Торутаевдин айтымында Кытайдан импорттолгон товардын көлөмү боюнча айырма 3 миллиард 600 миллион долларды түзөт. Былтыр Кыргызстанга 2 миллиард 900 миллион доллардан ашык товар импорттолгон. Ал эми Кытайдын эсебинде Кыргызстанга 5,5 миллиард доллардан ашык товар жөнөтүлгөнү көрсөтүлгөн.

Муну Торутаев товарларды эсептөө ыкмасындагы айырмачылыктан болушу мүмкүн деп болжоду. Аны бир стандартка салуу боюнча Кыргызстандын аракеттери Кытай тараптан колдоо таппай жатканын белгиледи.