27.04.2018 08:50

27-апрелде Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

27-апрелде Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт

27-апрелде Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул туурасында «Түндүкэлектр» ишканасынан билдиришти.

Жарык өчө турган аймактар:

9:30–13:00 — Осмонкул көчөсүндө (түндүк тарабы);

9:30–18:00 — «Калыс-Ордо», «Ак-Бата», «Ак-Өргөө» конуштары (Арабаев, Күн-Көчө, Ашар, Гагарин, Хан-Теңир, Кыбыла көчөлөрү);

9:00–13:00 — Орто-Сай айылы (Шамси, Рысмендеев, Карбоз уулу көчөлөрү,  Лесхозный кыска көчөсү);

13:00–17:00 — «Кара-Жыгач» конушу (Шаты, Береке, Субан-Ата көчөлөрү);

9:00–18:00 — Толстой, 2а, Түлөбердиев, Можайский көчөлөрү, Снегиревский, Витебский кыска көчөлөрү.