21.05.2020 14:30

Орозо айт намазы аянтта окулабы? Муфтияттын жообу  

Орозо айт намазы аянтта окулабы? Муфтияттын жообу  

24-майда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады. Мындай чечим өлкөдө коронавирустун жайылып кетпеши үчүн кабыл алынган.

“Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 2020-жылдын 24-майындагы Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз”, – деп айтылат маалыматта.

 

24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин «КТРК» телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болоору айтылат.