3 ай аралыгында Ош облусунун миңден ашык тургуну медициналык кароодон өткөрүлдү

3 ай аралыгында Ош облусунун миңден ашык тургуну медициналык кароодон өткөрүлдү

2018-жылдын башынан бери  Ош облус аралык ооруканасынын дарыгерлери  Кара-Суу районунун Шарк, Ак-Таш жана  Сарай айыл башкармалыктарынын миңден ашык тургунун медициналык  текшерүүдөн өткөрүштү.  

Дарыгерлер жарандарды клиникалык кароодон өткөрүп, ВИЧ-инфекцияга, жыныстык жол аркылуу жугуучу ооруларга жана вирустук гепатитке  тест алышкан. ВИЧ –инфекцияга текшерилген 613 адамдын экөөсүнүн алдын ала жыйынтыгы оң чыккан. “В”  гепатитине текшерүүдөн 614 адам өтүп, анын 29унун жыйынтыгы оң деп табылган. “С” гепатитке 614 адам тапшырса, 14 оң жыйынтык аныкталды.

Текшерилген  613 адамдан  он экиси жыныстык жол менен жугуучу ооруларды жуктуруп алганы белгилүү болду.

Биринчи кароодон кийин 35 бейтап дартын терең изилдөөгө жана тар адистиктеги дарыгерлердин кеңештерин алууга жөнөтүлдү. Алардын ичинен  22си – Ош облус аралык онкология борборуна, 9 бейтап – тери-венерологиялык диспансерге, дагы эки бейтап Ош облустук СПИД менен күрөшүү борборуна  багыттама алган.