23.05.2020 13:27

Папан суу сактагычында 22 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Папан суу сактагычында 22 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычынан 22 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда,  куткаруучуларга 22-май күнү Папан айыл аймагына караштуу Папан суу сактагычына 1998-жылы туулган эркек кишинин чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Жерине ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучулары тартылып, издөө иштерин жүргүзүлгөн.

 

Сууга чөккөн жигиттин сөөгү бир күндөн кийин, 23-май күнү саат 06:00дө издөө иштери улантылып, саат 07:30да маркумдун жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп бергени кабарланды.