03.04.2018 09:38

3-5-апрелде Бишкек-Торугарт унаа жолу күндүз автоунаалар үчүн жабык болот

3-5-апрелде  Бишкек-Торугарт унаа жолу күндүз автоунаалар үчүн жабык болот

Поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018- жылдын 3-апрелинен 5-апрелге чейин Бишкек-Торугарт автомобиль жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу  «Кыргыз темир жолу»  мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы маалымдайт:

Жардыруу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы тарабынан саат 8-00 дөн тартып, 22-00 гө чейин автомобиль жолу толугу менен жабылат.

Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.