05.03.2019 14:50

Бишкектеги мыйзамсыз курулуш: 5-кичирайондун тургундары мэрияга нааразы

Бишкектеги мыйзамсыз курулуш: 5-кичирайондун тургундары мэрияга нааразы

Бишкек шаарынын мэриясы 5-кичирайондогу №138 бала бакчанын жерине муниципалдык кызматкерлер үчүн 9 кабаттуу үй тургузмакчы болгон. Бирок, бул объект мыйзамсыз деп Октябрь райондук прокуратурасы бүтүм чыгарган. Тиешелүү документти колуна кармашкан жергиликтүү жашоочулар курулушту токтотуунун амалын издеп жатышат.