02.11.2019 13:36

$50 миллиондук макулдашуу. Дастан Бекешев авиация боюнча мыйзам жазуу ниетинде

$50 миллиондук макулдашуу. Дастан Бекешев авиация боюнча мыйзам жазуу ниетинде

Жогорку Кеңеш 31-октябрда КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 50 миллион долларлык макулдашууну бекитти. Каражаттын 50 пайызы Кыргызстанга насыя катары берилсе, 50 пайызы грант түрүндө келет. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Твиттердеги баракчасында билдирди. 

Эл өкүлү өзү бул макулдашууну бекитүүгө каршы добуш бергенин кошумчалады.  Себептерин ачыктаган жок.   

 

Анын айтымында, акчанын 550 миң доллары авиация тармагында эрежелерди жана мыйзамдарды жазууга жумшалат. Бекешев бул акчаны ага берүүлөрүн сураган.  Өзү билдиргендей, котормочулар менен отуруп, мыйзамдарды жазып чыгууга даяр.  

Эскерте кетсек. Жогорку Кеңеш 31-октябрда КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарын жакшыртуу программасынын 3-фазасы (БАРКЖП-3)» долбоорун Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун 3 окууда кабыл алды. 

Борбор Азиядагы регионалдык катнаштарын жакшыртуу программасынын 3-фазасы (БАРКЖП-3) долбоорунун максаты Казакстан менен транспорттук каттамды жакшыртуу,  авиация тармагында авиациялык коопсуздукту камсыздоодо атандаштыкты күчөтүү жана Ысык-Көл областында туризмди туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.

БАРЖКЖП-3 долбоорунун алкагында  «Түп-Каркыра көзөмөл өткөрүү жайы» унаа жолунун 39-чакырымдан 76-чакырымга чейинки аралыгын жана Каркыра капчыгайында жайгашкан туристтик лагерге алып баруучу узундугу 15 чакырымды түзгөн жолду реабилитациялоо, жолду тейлөө үчүн керектүү жабдыктарды сатып алуу,  Жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздугун көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу жана И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу каралууда. Мындан сырткары, долбоордун алкагында беш туристтик кызмат көрсөтүү борборлорун куруу жана Ыссык-Көл областынын Түп жана Ак-Суу райондорунда коомдук деңгээлдеги геопарктарды түзүү жана өнүгүүсүн колдоо компоненти да каралган.

Каржылоо шарттары:

Долбоордун суммасы – 55,0 млн. АКШ доллары;
ЭАӨА насыясы – 27,5 млн. АКШ доллары (50%);
ЭАӨА гранты – 27,5 млн. АКШ доллары (50%);
Насыянын мөөнөтү – 38 жыл;
Жеңилдетилген мөөнөт – 6 жыл;
Пайыздык ченем – 0,75%:

Эсептөөлөр боюнча Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын насыясынын грант-элементи 53,5 % түзөт, башкача айтканда бериле турган насыя жеңилдетилген насыя болуп саналат. Ушул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кош каржылоосу каралган эмес.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин сайтында долбоордун суммасы Бекешев айткандай 50 миллион эмес, 55 миллион доллар деп көрсөтүлөт.