09.03.2020 12:01

8-мартта кармалган айымдарды колдоо максатында Бишкекте митинг өтөт

8-мартта кармалган айымдарды колдоо максатында Бишкекте митинг өтөт

8-март күнү кармалган айымдарды колдоо максатында Бишкекте митинг өтөт. Бул тууралуу “Апрель” телеканалына акциянын уюштуруучулары кабарлашты.

Маалыматка караганда, тынчтык митинг эртең, 10-мартта саат 12:00дө борбор калаадагы Чүй жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелиги алдында өтөт.

Уюштуруучулар 8-мартта кармалган айымдарды колдоо максатында акцияга чыгып берүүгө чакырышты.

 «Бул өнүгүү үчүн маанилүү кадам. Ага баарыбыз катышышыбыз керек!» -деп билдиришет уюштуруучулар.

Эске салсак, күн мурун, 8-мартта Бишкекте айымдардын укугун коргоо чакырган тынч митинги өтмөк. Анын эң башында активисттерге калпак кийип, бетин беткап менен жапкан белгисиз бирөөлөр кол салышып, айымдар менен балдарга кол көтөрүшкөн.

Милиция кызматкерлери келгени менен кол көтөргөндөргө тийбей, жапа чеккен айымдарды кармап кетишип, Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө алып барышкан.