09.03.2020 15:52

8-марттагы жөө жүрүш: АКШнын Кыргызстандагы элчилиги милициянын аракетин сындады

Бүгүн, 9-мартта АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Аялдардын эл аралык күнүнө карата тынч жөө жүрүштү таркатуудагы көрүнүштү сындап чыкты. Алар атайын билдирүү таратышып,  жүзүн жашырган адамдардын аракетин айымдарга карата кордук катары баалашкан.

«Милиция жана жүзүн беткап менен жашырган коркок эркектердин кечээки аракеттери Аялдардын эл аралык күнүндө Жеңиш аянтында чогулган жайкын аялдарды кордоо болуп эсептелет», - деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик аялдардын жана кыздардын укуктарын коргогон аялдарга тилектештигин билдирип, кыргыз өкмөтүнүн органдары жана Жогорку Кеңештин депутаттары тынч митингдер Конституция аркылуу корголгонун, демократиянын маанилүү элементи экенин белгилеп келатышканын кошумчалаган.

Эске салсак, күн мурун, 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар анны узгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.

Кийинчерээк милиция «Феминалле» жана «8/365» коомдук кыймылдары Бишкек шаарынын бийлиги менен макулдашылбаган митинг уюштургандыгы үчүн активисттер кармалганын билдирген.

9-мартта милиция кармалгандардын ичинен тынч жүрүштүн алты катышуучусуна жана коомдук тартипти бузду деген беш кишиге айып салганы белгилүү болду.