11.03.2020 11:59

12 жаштагы кошунасынын кызын зордуктоого аракет кылган мас киши кармалды

12 жаштагы кошунасынын кызын зордуктоого аракет кылган мас киши кармалды

Ысык-Көл облусунун Кашат айылында мас киши кошунасынын 12 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылган. Бул тууралуу региондун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Тестиер кыздын апасы милицияга арызы менен кайрылган.

Маалыматка караганда, кызды зордуктоого аракет болуп жатканда тестиердин атасы аны байкап калып, шектүүнү кармап калган. Бир нече жергиликтүү тургундар ачууланганынан ал кишини ур-тепкиге алышкан. Бирок айылдын аксакалдары шектүүнү милицияга тапшырып берүүнү туура көрүшүп, укук коргоо органдарына кабар беришкен.

Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. КР жазык кодексинин 39-беренеси “Зордуктоого аракет кылуу” боюнча кылмыш иши козголгон.

Ысык-Көл райондук соту шектүүнү Каракол шаарындагы убактылуу кармоочу жайга эки айга камады. Тергөө иштери уланууда.