31.05.2020 09:34

Укук коргоочу Камилжан Рузиев ачкачылык жарыялады

Укук коргоочу Камилжан Рузиев ачкачылык жарыялады

Каракол шаарында камакка алынган «Вентус» коомдук бирикмесинин жетекчиси Камилжан Рузиев ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу анын уулу Азат Рузиев билдирүү таратты.

Анын айтымында, Караколдо 31-майда баш коргоо чарасын тандоо боюнча соттук отурум өтөт. «Менин апама процесс жабык болот деп билдиришти (!), Бул мыйзамсыз», — деди укук коргоочунун уулу.

Ал атасын 29-майда саат 20:00 чамасында УКМК кызматкерлери кармап кеткенин кошумчалады.

 «Атамды Караколдогу убактылуу кармоочу жайга киргишти. Менин Атам Ысык-Көл облусунда кыйноолорго кабылгандарга жардам берип, милициянын башаламандыгына каршы күрөшүп келген. Атам тагылып жаткан айыптоолор менен макул эмес болгондуктан убактылуу кармоочу изолятордо ачкачылык жарыялады. Үй-бүлөбүз ага тамак киргизели дедик, бирок ал баш тартты. Ал өзүн жаман сезип жаткандыктан керектүү дарысын эле алды», — деп жазган социалдык тармактагы баракчасына Азат Рузиев.

Убактылуу кармоочу жайга келген тез жардам кызматынын дарыгерлери атамдын кан басымы төмөндөп кеткенин аныкташты. Бирок буга карабай ачка отурат. Ошондой эле Камилжан Рузиевдин кармалгандыгы боюнча маалымат берди.

«Адвокаттын айтымында, атамды кармаган учурда анын жанында паспорту жок болгондуктан,  анын иши кармоонун актысынан эле турат. Ооба, УКМК кызматкерлери жарандарды  өздүгүн тактоо үчүн 48 саатка алып кетүүгө укуктуу. Бирок ошол эле учурда, мекеме бардык маалымат каражаттарына атамды  «документтердин жасалмасы» жана «алдамчылык» беренелери боюнча айыптаган пресс-релизди жөнөткөн. Адвокаттын айтымында, мунун баары азырынча иште камтылган эмес », —деп жазды укук коргоочунун уулу.

Мен юрист эмесмин, бирок атамдын кесиптештери мындай иштер менен УКМК эмес милиция алектениши керек деп айтышты.

Азат Рузиев

Ал кошумчалагандай, атасы акыркы 20 жылдан бери кыйноого кабылган адамдардын укугун коргоп келген, 2006-жылы жана 2017-жылы анын өмүрүнө кол салуу болгон.