27.05.2020 12:31

Акыйкатчы УКМКнын тергөө изоляторундагы Алмазбек Атамбаев жана Албек Ибраимовдун абалынан кабар алды

Акыйкатчы УКМКнын тергөө изоляторундагы Алмазбек Атамбаев жана Албек Ибраимовдун абалынан кабар алды

Күн мурун, 26-майда Кыргызстандын Акыйкатчысы Улуттук Коопсуздук Комитетинин тергөө изоляторуна барып, камактагылардын абалынан кабар алды. Бул тууралуу КР Акыйкатчы институтунун басма-сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, УКМКнын тергөө изоляторуна акыйкатчы Токон Мамытов жана Акыйкатчы Аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов барышкан.

Алар Каныбек Осмоналиев, Дүйшөн Зилалиев, Албек Ибраимов, Алмазбек Атамбаев, Айбек Калиев, Сардор Абдрахманов жана Бектурсун Айталиевдерге жолугуп сүйлөшүшкөнү айтылат.

“Акыйкатчы менен болгон маектешүүдө К.Осмоналиев ден-соолугунун абалына нааразы болуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Аппаратынын Клиникалык ооруканасынан тастыктаган медициналык тастыктаманы көрсөттү. Алмазбек Атамбаев болсо, кан басымы кескин түшүп кайра көтөрүлүп жатканын айтты.

Жогоруда аты аталган адамдар тарабынан кээ бир судьяларга жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине карата, аларды пикиринде, жасалган мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу дооматтар айтылды. Бардык айтылган даттануулар жана кайрылуулар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан кылдат иликтенип, андан кийин республиканын сот инстанцияларына жана мамлекеттик органдарына жазуу жүзүндө кайрылуулар даярдалат”, - деп айтылат маалыматта.