23.05.2020 11:35

Ысык-Көлдө 2миң $ пара алып жаткан жеринен прокурордун жардамчысы кармалды (сүрөт,видео)

Ысык-Көлдө 2миң $ пара алып жаткан жеринен прокурордун жардамчысы кармалды (сүрөт,видео)

Ысык-Көлдө 2миң $ пара алып жаткан жеринен прокурордун жардамчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык,  22-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен бирге жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 150 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан учурунда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы, 1982-жылкы К.А. кармалды.

Прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн маселени оң тарабына чечүү максатында арыздануучудан 2 миң АКШ $ өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы маалымдалды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү (Пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адам УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.