01.03.2018 11:27

9 жаштагы кыз көчкү алдында калып, каза тапты

9 жаштагы кыз көчкү алдында калып, каза тапты

Каракол шаарындагы «Каприз» лыжа тебүүчү жайына Москвадан эс алууга келген туристтер кырсыкка кабылды. Кечээ саат 15-16.00  чамасында 5 адамдан турган россиялык  үй-бүлө көчкү алдында калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет

Кырсык болгон жерге министрликтин куткаруучу тобу барган.  Ата-энеси эки баласы менен өз алдынча кар астынан чыга алышкан. Ал эми, 9 жаштагы кызын сактап калууга  мүмкүн болгон жок.