24.09.2018 10:34

№97632 аскер бөлүктө сержант катардагы жоокердин жаагын сындыра чапты

№97632 аскер бөлүктө сержант катардагы жоокердин жаагын сындыра чапты

Аскер бөлүктө сержант катардагы жоокердин жаагын сындыра чапты. Бул тууралуу КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан коргонуу күчтөрүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 22-сентябрда  №97632 аскер бөлүгүндө болгон. Контракттык негизде кызмат өтөп жүргөн сержант Б.М. менен катардагы жоокер К. у К. ортосунда уруш чыгып кеткен. 

Анын жүрүшүндө сержант катардагы жоокер К.К.уулунун ылдыйкы жаагын талкалай муштаган.

Жабырлануучуга дароо медициналык жардам көрсөтүлүп, жаракат алган жерине шина коюлган. Учурда ал аскер госпиталында дарыланууда.

Бул факт боюнча Абадан коргонуу күчтөрүнүн жетекчилиги кызматтык териштирүү жүргүзүп жатат. Кызматтык адамдар тергөө бүткүчө ээлеген кызматтарынан четтетилди.

Материалдар Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасына өткөрүлүп берилди.