9-майга карата калаа милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү
Алдыдагы Жеңиш күнүнүн 73 жылдыгын майрамдоо иш-чараларына карата калаа милициясы күчөтүлгөн тартипте иш алып бара баштады. Бул туурасында Бишкек ШИИБден билдиришти.
9-май күнү коомдук коопсуздукту камсыздоого Бишкек гарнизонунун 2 миңден ашык кызматкери тартылат.
Ушул эле максатта калаанын негизги көчөлөрүндө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет:
- Масалиев көчөсүндө Байтик Баатыр кең көчөсүнө чейин (Түштүк дарбазадагы Жеңиш паркынын алдындагы тилке);
- Байтик Баатыр жана Абдрахманов көчөсүндө Масалиевден Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке;
- Фрунзе көчөсү Абдрахмановдон Ибраимовго чейинки тилкесинде;
- Шопоков жана Ибраимов көчөлөрүндө Чүй кең көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейинки тилкеде;
Ошондой эле, “Өлбөс полк” жүрүшү учурунда жарандар текшерилип, тыюу салынган буюмдар (саюучу-кесүүчү предметтер, спирт ичимдиктери, фейерверктер, ар кандай типтеги куралдар) алынып коюлат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: