20.11.2019 13:12

Кайгуул милициясына бычак менен кол салуу болду (видео)

Кайгуул милициясына бычак менен кол салуу болду (видео)

Бүгүн, 20-ноябрда, Бишкектин борборунда чак түштө кайгуул милиция кызматкерлерине бычак менен кол салуу болду. Колуна бычак жана шибеге көтөргөн жаш жигитти кармоо учурун Апрель телеканалынын кабарчылары тартып алышты.

Айрым маалыматтарга караганда, жаш жигит  Ала-Тоо аянтында жүргөн адамдарга кол салган. Жакын жердеги патрулдук милиция кызматкерлери келип, кармаша кетишкен Тартип сакчыларга жардамга келген бир балага бычак жеп,  тез жардам унаасы менен алынып кеткени айтылууда.

Ал эии кол салган баланы милиция кызматкерлери кармап кетишти дейт биздин кабарчы.

Азырынча Бишкек ШИББи окуя боюнча эч кандай маалымат бере элек.