28.05.2020 09:00

Өзүнө өзү ок атып каза тапкан милицинердин окуясы иликтене баштады

Өзүнө өзү ок атып каза тапкан милицинердин окуясы иликтене баштады

Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторунун каза болгондугуна байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталып, кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Чүй ОИИББнын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспектору каза болгон. Азырынча кырсыктын чоо-жайы белгисиз.

“Аталган факты Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш процессинин жүрүшүндө окуянын кандайча болгондугун жана себептерин аныктоо боюнча ыкчам тергөө иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Чүй облусунун Жайыл районунда милиция кызматкери табелдик курал менен өзүн башка атканын  жергиликтүү басылмалар ишеничтүү булактарына таянуу менен жазып чыккан эле.