18.05.2020 15:59

Обсервацияда чыр-чатак  эмне үчүн чыкканы айтылды

Обсервацияда чыр-чатак  эмне үчүн чыкканы айтылды

Бүгүн “Манас” аэропортунун аймагында жайгашкан “Семетей” обсервациясында чыр-чатак эмне себептен чыкканын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов айтып берди.

Анын айтымында Соль-Илецкиден (Оренбург облусу) келген 432 кыргызстандык жаран жаткырылган.

 

«Чыр-чатактын себеби,  алар менен бирге келген жарандардын арасынан, вирус жуктуруп алып, Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканасында жаткан бейтаптарды үй карантинине чыгарып жатышат деген такталбаган маалыматка байланыштуу », -  деп  билдирди ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов.

 Бул факты боюнча азыр Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Обсервацияда жаткан жарандар  талаптарга баш ийбей,  эреже бузган учурда КР Мыйзамдарына ылайык жоопко тартыларын билдирди.

Белгилей кетсек, Соль-Илецктен 7-майда 541 кыргызстандык келген. Алардын ичинен 104 адамдан коронавирус аныкталган. Бүгүн эртең менен алар медицина кызматкереринин талаптарына баш ийбей чатак чыгарышкан.