23.05.2020 17:06

СOVID-19 инфекциясына чалдыккандар тууралуу жашыруун маалымат интернетке тарап кеткен. Ош ички иштер башкармалыгынын милиционери жазаланды

СOVID-19 инфекциясына чалдыккандар тууралуу жашыруун маалымат интернетке тарап кеткен. Ош ички иштер башкармалыгынын милиционери жазаланды

Коронавирус жуктуруп алган жарандардын жеке сыр маалыматтарын таратып жибергенге аялы шектелип жаткан милийионерге сөгүш берилди. Бул туурадуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин милиция кызматкери ооруга кабылгандар менен байланышта болгондорду аныктоо үчүн коронавируска кабылган бейтаптардын тизмесин алган. Анын жубайы жашыруун малыматты туугандарына жөнөтүп, алар социалдык тармактарга таратып жиберишкен. Мындан соң сегиз жарандын жеке маалыматтары интернетке чыгып кеткен.   

Мыйзамга ылайык, коронавирусту жуктурган же алар менен байланышкан адамдардын жеке маалыматтарын жайылтууга эч кимдин укугу жок.

Буга байланыштуу бузуулар жөнүндө Кодекстин «Жеке турмуштун кол тийбестигин бузуу» беренеси боюнча соттук өндүрүш башталган болчу.