30.01.2019 09:29

Милиция кызматкерлери катышкан жол кырсыктары

Милиция кызматкерлери катышкан жол кырсыктары

Укук коргоо кызматкерлеринин катышуусундагы жол кырсыктар байма-бай катталып турат. Адамдын өлүмү менен аяктагандары да арбын. Мисалы, кечээ эле Новопавловка айылында 11 жаштагы баланы сүзүп кеткен айдоочу милиционер экени белгилүү болду.

Жан кейиткени, айрым учурларда ишенген милициябыз күнөкөөр болгон жол кырсыктары инспекторлордун спирт ичимдиктерин ичип алгандыгынан чыгууда.