А. Салымбеков Бишкекте жаңы ЖОЖ түптөдү

Ишкер Аскар Салымбеков Бишкекте жогорку окуу жайын негиздеди. Мындай маалымат менен “Дордой” Ассоцияциясы бөлүштү.

Бишкектин Фучика көчөсүндө Аскар Салымбеков атындагы университет пайда болду. Расмий ачылышы 25-ноябрда өткөн. Жаңы ачылган окуу жайы ишин медициналык факультеттен баштаган. Башка факультеттер жакынкы келечекте ачылаары кабарланды.

«Биз жети жыл аралыгында жаштардын сапаттуу билим алуусуна ар-кандай проектилерди уюштуруп, колдоп келдик. Акырындык менен университет ачуу биздин планда бар эле. Мисалы: „Кыргызстандын жаш лидерлери“ аттуу проектибиз ийгиликтүү ишке ашып бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында кеңири жайылтылды»-дейт Салымбеков.