26.11.2019 11:35

А. Саймаитинин өлүмү боюнча Турция Кыргызстан менен кызматташат

А. Саймаитинин өлүмү боюнча Турция Кыргызстан менен кызматташат

Чуулгандуу ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Турция Кыргызстанга маалымат жөнөтөт. Бул тууралуу ИИМ билдирет.  

Мындай келишим 25-ноябрда КР ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Турциянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген.

Эске салсак, 10-ноябрдын кечинде Стабулдагы кафелердин биринде Айеркен Саймаити аттуу ишкер киши колдуу болгон. Кылмыш боюнча Турциянын тартип сакчылары үч кишини колго түшүрүшкөн – экөө Кыргызстандын жараны болсо, бирөө Сириянын жараны. Кийинчерээк КР ТИМги кармалгандардын экөөсү КР жарандары деген маалыматты четке каккан.

Саймаитинин өлүмүнөн кийин Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков жумуштан алынган. КР ТИМги кылмыш окуясы орун алган жерде табылган жол тандабас Range Rover Сопоковго таандык экенин расмий түрдө бышыктаган. Ал эми номерлери дипломатиялык болуп чыккан. Өз кезегинде Сопоков тепкен унаасы кантип кылмыш болгон жерге барып калганын түшүндүрүп берген эмес.

Кыргызстандын каржы полициясы Айеркен Саймаитини үстүбүздөгү жылдын сентябрында эле издөөгө салганын 12-ноябрда жар салган.