30.05.2020 15:38

Жыштык сатуу чыры. Аскер прокуратурасы Дастан Догоевди суракка алды

Жыштык сатуу чыры. Аскер прокуратурасы Дастан Догоевди суракка алды

Аскер прокуратурасы маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин башчысы Дастан Догоевду суракка алды. Бул туурасында 24.kg маалымат агенттиги жеке булактарга таянып жазды.

Тергөөчүлөр мыйзамсыз жыштык сатуу иши боюнча күбө катары Догоевди суракка алганы айтылууда.

Дастан Догоев өзү комментарий берүүдөн баш тарткан.

Эске салсак, Аскер прокуратурасы жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ведомстволор аралык тергөө тобу Мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция боюнча кылмыш ишин териштирүүдө.  Буга чейин Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Наталья Черногубова шектүү катары кармалып, УКМК тергөө абагына киргизилген. Тергөөнүн версиясы боюнча маалыматтык технологиялар комитетинин жетекчилиги юлдук оператордун бири  менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал мамлекетке зыян келтиргени айтылган. Жыштык сатуу чыры боюнча УКМК кызматкерлери баш болуп 5 киши кармалган.