13.03.2020 11:14

Кол тийбестик? Күн мурун пара менен кармалган судья бүгүн кайра кызматта

Кол тийбестик? Күн мурун пара менен кармалган судья бүгүн кайра кызматта

Пара алган деп шек саналып жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова коё берилди. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат билдирди. Мекеме муну «мыйзамга ылайык, соттордун кол тийбестиги бар» деп түшүндүрдү.

Kaktus.media агенттиги күч органдарындагы булактарына таянып, судья Орозбакова жумушка чыкканын жазып жатат.

Финансы полициясы 12-мартта ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакова кармалганын кабарлаган. Финполдун маалыматына караганда, ал «2000 доллар пара алып жаткан жеринен» колго түшүп, сотко чейинки териштирүү башталды.

Биринчи май райондук соту бүгүнкү окуя тууралуу азырынча расмий коммантарий бере элек.