26.11.2019 12:57

А. Саймаитинин өлүмү боюнча Турция менен Кыргызстандын прокурорлору сүйлөшүштү

А. Саймаитинин өлүмү боюнча Турция менен Кыргызстандын прокурорлору сүйлөшүштү

Турция менен Кыргызстандын башкы прокурорлору телефон аркылуу сүйлөшүштү. Кыргыз тараптан Өткүрбек Жамшитов жана Турциянын башкы прокурору Мехмет Акаржа ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн айланып өтүшкөн жок.

Тараптар ар тараптуу кызматташуу аркылуу керектүү маалыматтар менен бөлүшүп турууну макулдашышты. Белгилей кетсек, Кыргызстан жана Турциянын ортосунда кылмыш иштери боюнча укуктук жардам берүү тууралуу келишими бар.

Мурдараак эки өлкөнүн ички иштер министрлери дагы Саймаитинин иши боюнча кызматташууну талкуулашкан. Ага ылайык, Турция Кыргызстанга ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча материалдары менен бөлүшүүгө макулдугун берген.

Эске салсак, 10-ноябрдын кечинде Стамбулдагы кафелердин биринде Айеркен Саймаити аттуу ишкер киши колдуу болгон. Кылмыш боюнча Турциянын тартип сакчылары үч кишини колго түшүрүшкөн – экөө Кыргызстандын жараны болсо, бирөө Сириянын жараны. Кийинчерээк КР ТИМги кармалгандардын экөөсү КР жарандары деген маалыматты четке каккан.

Саймаитинин өлүмүнөн кийин Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоков жумуштан алынган. КР ТИМги кылмыш окуясы орун алган жерде табылган жол тандабас Range Rover Сопоковго таандык экенин расмий түрдө бышыктаган. Ал эми номерлери дипломатиялык болуп чыккан. Өз кезегинде Сопоков тепкен унаасы кантип кылмыш болгон жерге барып калганын түшүндүрүп берген эмес.

Кыргызстандын каржы полициясы Айеркен Саймаитини үстүбүздөгү жылдын сентябрында эле издөөгө салганын 12-ноябрда жар салган.

21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.