19.11.2018 23:20

А.Атамбаев Дача СУ айылындагы кырсык жөнүндө: “Эгерде учакта менин 1 грамм гана жүгүм болгондо, ошол кездеги Түркия жетекчилигинин мага болгон мамилесин эсепке алганда, дароо эле чукуп чыгышмак”

А.Атамбаев Дача СУ айылындагы кырсык жөнүндө: “Эгерде учакта менин 1 грамм гана жүгүм болгондо, ошол кездеги Түркия жетекчилигинин мага болгон мамилесин эсепке алганда, дароо эле чукуп чыгышмак”

“Апрель” телеканалына берген маегинде КР экс-президенти А.Атамбаев Дача СУ айылында кулаган Боинг 747-400 учагында ага тиешелүү жүк болбогонун айтты. Анын айтуусунда башынан эле кайсы бир саясый партиянын лидери бул трагедияны жалаа кылып колдонгон. 

“Учак түркиялык болчу, ал кезде Түркиянын жетекчиси менен менин мамилем кандай болгонун баары билет. Түркия НАТОнун мүчөсү. Эгерде ошол кезде жүктүн граммы эле, тамчысы эле мага тиешелүү болгондо, мага каршы бир нерсе болгондо эле алар аны таап чыгышмак. Ал жерде мага же менин үй-бүлөмө тиешелүү эч нерсе жок болчу. Бирок жалаа жапкандар ушул күнгө чейин ушак таратып жатышат. Ушул күнгө чейин адамдар дагы ишенип жатышат. Бул коркунучтуу... Бул жалганчылар... Алар Кыргызстанда Кудайдан коркпой калышты. Мен Мухаммед пайгамбардын, ушакчы өзүнүн агасынын этин жегенге барабар,- деген сөзүнө толук кошулам. Алар өлүктү жегичтер”,-деди Атамбаев.    

КР экс-президентинин ишеничинде бул ишти ЖМКлардын дыкат иликтөөсүнө эч ким тоскоолдук кылган эмес. 

Эске салсак, Гонконг-Бишкек-Стамбул каттамы боюнча бараткан “Боинг 747-400” учагы 2017-жылдын 16-январынын таңында “Манас” аэропортунун тегерегинде кулаган. “Боинг” учагы чыгыштан батышты карай конууга баратып, коно турчу жайдан 1 километр өтүп кетип, Дача СУ айылындагы үйлөргө барып кулаган. Айыл аэропорттун территориясынан сырткары, конуучу жайга жакын жайгашкан эле. Кырсык болгон жерде өрт чыккан.  

Кырсыктын кесепетинен 39 адам каза болгон, алардын ичинде 4 адам авиалайнердин экипаж мүчөлөрү болчу. 
Учактын бортунда 86 тонна жүк болгон, алардын ичинде почта посылкалары да бар эле. Учак кулаган маалда 5 гектар жердеги үйлөр жер менен жексен болгон.