19.11.2018 23:26

А.Атамбаев конституциялык реформа тууралуу: “Башынан ойлонгондой парламенттик республикага өтө албай калганыбызга өкүнөм”

А.Атамбаев конституциялык реформа тууралуу: “Башынан ойлонгондой парламенттик республикага өтө албай калганыбызга өкүнөм”

КР Конституциялык реформасы толугу менен өзгөрүүгө багытталган эле. Президенттин ыйгарым укуктарынын көпчүлүгү премьер-министрге, өкмөткө жана парламентке өтүшү керек болчу. Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев, мына ушул гана ой “убактылууларды”, демократтарды жана Бейөкмөт уюмдарды ага каршы бириктире алганына толук ишенет. Кыргызстандын парламенттик республика катары ойлору менен ал “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда бөлүштү. 

“Башында косметикалык өзгөрүүлөр гана болот деген ой менен мени баары колдогон болчу. Керек болсо сырларын дагы айтып беришкен. Менин эсимде Текебаев келип, кийинкилерди айткан эле: бир укук коргоочу Баш мыйзамга бир гана Кыргызстандын жарандары ортосунда никеге турууга мүмкүн деп жаздыртыптыр. Ал эми референдумга көп эл катышуусу үчүн жогорудагыны нике бир гана аял жана эркектин ортосунда гана болот деп оңдоткон... Мына ушул Өмүрбек Чиркешовичтин идеясы болчу.

Ал эми парламенттик өлкө жөнүндө реалдуу сөз болгондо өкмөттүн бардык мүчөлөрү депутат боло аларын, ал эми бийликтин баары же жарымы, же үчтөн бири өкмөт менен парламентте болорун угушканда төбө чачтары тик турган. Чындыгында алар мени баарын алдап, премьер-министр болуп калат деп ойлошкон. Менде андай каалоо жок болчу! Эгер мен бийликте калууну кааласам, анда мен референдумга эле президент эки мөөнөткө шайлана алат деп өзгөртүү киргизмекмин. Мени ушул күнгө чейин адамдар башкаларды өздөрүндөй ойлогону шок абалга алып келет. Мына Конституция менен ушундай абал болгон, мен аны аягына чыгарганыма өкүнөм”,-деди Атамбаев.