19.09.2019 16:35

Абдил Сегизбаев Атамбаевдин үйүнө жарандык позициясын көрсөтүү үчүн барганын билдирди

Абдил Сегизбаев Атамбаевдин үйүнө жарандык позициясын көрсөтүү үчүн барганын билдирди

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө жарандык позициясын көрсөтүү, моралдык колдоо үчүн барган. Бул тууралуу ал Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын 19-сентябрдагы жыйынында билдирди. «Азаттык» радиосу отурумдан түз алып уктурууда.

Ал Кой-Ташка барган учурда бийликти басып алуу жана түндүк-түштүк маселеси козголбогонун айтты. Саясат тууралуу мурдагы президент менен сүйлөшпөгөнүн кошумчалады.

Сегизбаев өзү да Кой-Ташта жараат алганын, бутуна желим ок тийгенин билдирди. Кой-Таштагы окуяларга, ошол учурда Алмазбек Атамбаевдин тергөөгө барбай жатканына жана УКМКнын «Альфа» тобунун аракеттерине баа бере албай турганын айтты. Муну учурда тергөө жүрүп жатканы менен байланыштырды.