30.05.2020 08:57

Абылгазиевдин диплому боюнча Кыргызстан эл аралык университетинен түшүндүрмө беришти (сүрөт)

Абылгазиевдин диплому боюнча Кыргызстан эл аралык университетинен түшүндүрмө беришти (сүрөт)

Өлкө премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев  Кыргызстан эл аралык университетинин документтерине ылайык,  1995-жылы «Экономика жана бизнес жогорку мектебинин» Банк иштери адистиги боюнча магистратурага кабыл алынып, 1997-жылы окуусун аяктаган. Бул тууралуу маалымат Кыргызстан эл аралык университетинин сайтында жарыяланды.

«Окуу жайдын архивинен билим алганы үчүн мыйзамдуу түрдө акча төлөгөн кагазы жана студент Абылгазиевди магистратуранын II- курсуна которуу боюнча буйрук менен рапорт алынган. Мындан сырткары магистрдик диссертациясынын темасын бекиткен документ да бар. Өкмөт башчы диссертациясын «Баалуу кагаздар боюнча банктык операцияларга жасалган анализ" жаатында жактаган», - деп жазылат окуу жайдын маалыматында.

 

Ошондой эле  окуу жайдан Абылгазиевден башка Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов, ТИМдин коомдук кеңешинин жооптуу катчысы Уран Ахметов, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан эл аралык университетин бүтүргөндүгүн мисал келтиришкен.

Белгилей кетсек, буга чейин Активист Айбек Хакимов “Фейсбуктагы” баракчасына Абылгазиевдин Кыргызстан Эл аралык университетинде окуганын өзү жана курсташтары эстей албай коюшканын жазган.


Премьердин маалымат катчысы Адилет Султаналиев Абылгазиев активист Хакимов сыяктуу университеттин бакалавриатын эмес магистратурасын бүтүргөнүн түшүндүргөн болчу.