11.05.2020 09:00

Абылгазиев: Коронавирус жок болсо, андан каза тапкандар да болмок эмес

Абылгазиев: Коронавирус жок болсо, андан каза тапкандар да болмок эмес

 Коронавирус дарты жок болсо, андан каза тапкандар да болмок эмес. Бул туурасында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди. Анын айтымында өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталууда.

«Бүгүнкү күндө социалдык тармактарда коронавирус оорусу жок экендиги, бул ойлонулуп табылган нерсе, ал эми бийлик жарандарды негизсиз үйдө отурууга мажбурлоодо деген сыяктуу талкуулар жүрүүдө. Мен кыргызстандыктарды мындай билдирүүлөргө ишенбөөгө чакырам! Өлкөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алуу коркунучу дагы да сакталууда. Эгерде бул дарт жок болсо, андан каза тапкандар да болмок эмес. Тилекке каршы, биз бир медициналык кызматкерден айрылдык», - деди Абылгазиев.  

Өкмөт башчы жарандарды себепсиз үйдөн чыкпоого, адамдар көп чогулган жерлерден алыс болууга, беткап кийүүгө жана баша санитардык эрежелердин талаптарын аткарууга чакырды.

«Баарыңыздардын  жашооңуздардын кандай экендигин абдан жакшы билебиз. Абалыңыздарды жакшы түшүнүп турабыз. Коронавируска каршы күрөшүү процесси – бул бир тараптуу гана иш эмес. Биз дагы бир ирет ар-бирибиздин ден-соолугубуз өзүбүздүн гана колубузда экендигин белгилеп кеткибиз келет!»,- деди өкмөт башчы.  

Белгилей кетсек, 10-майга карата өлкөдө коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1002 кишиге жетти. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 675 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 12 адам көз жумган.