04.10.2018 14:37

Абу-Дабиде каза болгон кыргыз кызынын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси чечилүүдө

Абу-Дабиде каза болгон кыргыз кызынын сөөгүн мекенине жеткирүү маселеси чечилүүдө

Кыргыз Республикасынын ТИМи Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында 29-сентябрда каза болгон кыргыз кызы тууралуу билдирүү таратты.

Өкүлчүлүктүн айтымында, кыздын өлүмүн иликтөө иши КР ТИМинин көзөмөлүндө. Кыргыз элчилиги Абу-Даби шаарынын тийиштүү органдары жана маркумдун туугандары менен байланышта болуп, ишти тергөөнүн жүрүшүнө көз салып жатат.  

Учурда сөөктү Кыргызстанга жөнөтүү маселеси чечилүүдө.  

Эскерте кетсек, 2-октябрда Facebook социалдык тармагында интернет колдонуучу Наргиза Кадырова Абу-Даби шаарында жашап жана иштеп жүргөн Алтынай аттуу кыргыз кыздын каза тапканы тууралуу маалыматты жарыялаган.