25.03.2019 18:05

Адам уурдоого айыпталып, издөөдө жүргөн жаран Бишкектин аймагынан кармалды

Адам уурдоого айыпталып, издөөдө жүргөн жаран Бишкектин аймагынан кармалды

Бейбаштык, адамды уурдоо, карактоо үчүн издөөдө жүргөн 29 жаштагы Нарын облусунун тургуну кармалды. Бул туурасында ИИМден билдиришти. 

Өткөн жылдын февраль айында белгисиз адамдар опузалап акча талап кылуу максатында шаар тургунун уурдоону уюштурушкан. Алар түн ичинде Бишкектин Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишинен 26 жаштагы шаар тургунун күч колдонуп автоунаага салышып, эл жок жерге алып кетишкен.

Шаардын четинен кылмышкерлер жабырлануучудан акча каражатын талап кылышып, арматура менен сабашып, денесине оор жаракат келтиришкен. Бул факт боюнча Ленин РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234, 123 жана 168-беренелери менен иш козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Натыйжада жогоруда аталган кылмыш ишине шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон адамдар кармалган. Андан соң, мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар кармалгандардын бирөөсүнө карата сот тарабынан үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган. Бирок, 1990-жылы туулган И.А. аттуу жаран соттук териштирүүнүн жүрүшүндө из жашырып кеткен. 2018-жылдын декабрь айында ага
издөө  жарыяланган.

Жакында ИИМ кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында каракчылык үчүн издөөдө жүргөн И.А. аттуу жаранды Бишкек шаарынын аймагынан кармашты. Ошол эле күнү ал убактылуу кармоочу жайына камалды.