04.09.2018 11:26

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын күнөөкөрү изделүүдө

Адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгынын күнөөкөрү изделүүдө

Бишкекте «Toyota Runner» унаасы белгисиз аялды сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 3-сентябрда саат 22:20 чамасында болгон. Калаанын Ахунбаев-Шүкүров көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз унаа болжол менен 50-55 жаштар чамасындагы аялды сүзүп, айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен.

Катуу жаракат алган аял ошол жерден жан берген. Кырсык болгон жерге барган жол кыймылынын кызматкерлери Бишкек шаарына «Кармоо» планын киргизип, жыйынтыгында «Toyota Runner» үлгүсүндөгү унаа шаардын четиндеги көчөлөрдүн биринен табылган. Ошондой эле машинаны текшерүүгө алган учурда анын ичинен бир канча жасалма мамлекеттик номерлер табылган. Учурда айдоочу изделүүдө.

Азыркы тапта унаа айып жайга токтотулуп, тийиштүү чаралар көрүлүп жатат.