28.12.2018 10:49

Адамкул Жунусов Азербайжандан алынып келинди

Адамкул Жунусов Азербайжандан алынып келинди

Мамлекеттик бажы кызматынын мурунку төрагасы Адамкул Жунусов Азербайжандан алынып келинди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 14-декабрда Азербайжандын Башкы прокуратурасы Адамкул Жунусовду кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүү суроосун канааттандырган.  Ага ачылган иш Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматтын өндүрүшүндө.  

2018-жылдын 28-декабрында КР Башкы прокуратурасынын тапшырмасы менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жунусовду Кыргызстанга алып келишти. 

Белгилей кетсек, Мамлекеттик бажы кызматын 2013-жылдан 2016-жылга чейин жетектеп турган Адамкул Жунусовго 304-берененин (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, ушул жылдын 4-декабрында Азербайжан Республикасынын Гейдар Алиев атындагы аба майданынан кармалган.

Ага  «А.» ЖЧКсынын өкүлдөрү жана Мамлекеттик бажы кызматынан кызматтык адамдары менен туруктуу коррупциялык байланыштарды уюштуруп, мамлекетке 166 миллион сомдон ашуун зыян алып келген деген айып тагылууда. 

Жунусов жасаган иш өтө оор кылмыштардын катарына кирери айтылат. 18-августта мурунку бажычыга сырттан айып тагылып, 28-августта Бишкектин Биринчи Май райсоту аны камакка алуу тууралуу сырттан өкүм чыгарган .