04.04.2018 17:04

Adidas океандан чыгарылган желимден жасалган 1 млн жуп бут кийим сатты

Adidas океандан чыгарылган желимден жасалган 1 млн жуп бут кийим сатты

Эки жыл мурун Adidas океандын булганышын алдын алууга көмөктөшүү  максатында  кардарларына туруктуу бут кийим сунуштап баштаган. Жакында эле  компания былтыркы жылы сатуулары миллиондук чекке жеткенин билдирип, бул жылы андан аз эмес бут кийим сатылаарына ишенимин билдирди.

Adidas океанды пластик таштандылардан тазалоо  үчүн ар түрдүү  чыгармачыл идеяларды колдонуп, аны ишке ашырууда ар кандай компаниялар менен иштешкен  Parley for the Oceans уюму менен бирикти. 

Аталган уюм бут кийим компаниясына туруктуу продукт жасоо үчүн керектүү материалды жеткирип берип турат. Материал жел баштыктарга салынбай, жөн гана кагазга оролот.

Алгач чектелүү гана өлчөмдө бут кийим чыгаруу тууралуу макулдашышкан. Бирок, Adidas тобокелдикке барууну чечти.  Өткөн жылдын май айында  компания  океандан чыгарылган пластмассалардан жана балык кармоочу торлордон жасалган  Boost бут кийим жана кийимдеринин жаңы тизмегин чыгарды.  

Бир жуп бут кийимдин боолорун, ички каптамдарын, торчолорун  жасаш үчүн 11 желим бөтөлкө кеткен. 

Өткөн жумада компаниянын башкы директору Каспер Рорстед (Kasper Rorsted) CNBC каналына 1 миллион бут кийим сатылганын  билдирди.

Алдыдагы 6 жыл ичинде  Adidas өзүнүн кийимин өндүрүүдө башкы материал катары желимди колдоно турганын маалымдады.  Болбосо, ал желимдер таштанды катары  океан түбүнө  кетмек. Ошондой эле, компаниянын маалыматына караганда,  үстүбүздөгү жылы кайра иштелип чыккан пластиктен жасалган  5 млндон аз эмес бут кийим сатылаары күтүлөт.  Бирок, бул компания жыл сайын сатып жаткан 450 миллиондун аз гана бөлүгү.

Дүйнөлүк Adidas брендинин башчысы Эрик Лидтке компаниянын максаты мындан да чоң экенин билдирди, ал эми 5 миллион жуп бут кийим айтымында “деңиздеги бир тамчы суу”. Бирок, ал жаңы желим өндүрбөй турган мезгил келип жетти деген ойдо.  Бул абдан туура чечим болмок, анткени  «буга чейин жасалгандын баары эч жакка кетпейт, ошон үчүн өндүрүлгөн пластиктин баары дүйнө боюнча сүзүп жүрөт».