21.05.2020 10:41

Абайлагыла! Москвада алдамчылар Кыргызстан элчилигинин бекер бланкаларын сатып жатышат

Абайлагыла! Москвада алдамчылар Кыргызстан элчилигинин бекер бланкаларын сатып жатышат

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги мекендештерди алдамчылардын тузагына илинип калуудан сак болууга чакырды.

Москвада «Добрынинская» метросунун жанында алдамчылар Элчиликтин бланкасын сатууга аракет кылууда. Мындай бланка мекенине учуу үчүн тизмеге өздүк маалыматты толтуруу үчүн зарыл.  

«Элчиликтен бланка бекер берилет», -деп билдирет элчиликтен.

Ошондой эле социалдык тармакта "Домодедово" жана "Жуковский" аэропортторунан учуп кетүүгө болот деп маалымат жайылтып, тизме түзүп жаткандарга да ишенбөөгө чакырды.