26.05.2020 17:07

Россиядан 450 кыргызстандык келди. Баары обсервацияга алынды

Россиядан 450 кыргызстандык келди. Баары обсервацияга алынды

Бүгүн, 26-майда Бишкек шаарына Россиядан 450 (393 чоңдор жана балдар) кыргызстандык келди. Алар «Аэрофлот – Россия авиалиниясы» авиакомпаниясынын Москва—Бишкек каттамы менен келишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, аталган каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Москвадагы кыргыз медициналык клиникасынын дарыгерлери жана Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия тарабынан түзүлдү. 

Жүрүнчүлөрдүн тизмеси кыргызстандык жарандарынын жеке арыздарынын негизинде түзүлүп, кош бойлуу аялдар, ошондой эле жаш балдары бар аялдар тандалды. Ошондой эле учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жүргүзүлбөгөн «Аэрофлот» компаниясынын авиабилеттери барлар эске алынды.

Чет өлкөдөн алынып келингендердин бардыгы обсервацияга алынды. 

" Учурда Кыргызстанга келген жарандардын бардыгы бекитилген тартиптин негизинде тиешелүү медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн обсервацияга жаткырылат", — деп жазылат маалыматта.

Министрликтен чет жактагы мекендештерди мекенине алып келүү иштери улантыла тургандыгын кошумчалады.

Буга чейин ал Москва шаарынан Бишкекке учуп чыккан 393 адамдын 319у кош бойлуу аял экендиги кабарланган болчу.