26.05.2020 10:43

Индиядан 22 кыргызстандык кайтып келди

Индиядан 22 кыргызстандык кайтып келди

Бишкекке Индиядан Кыргызстандын 22 жараны келди. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты. Маалыматка караганда алар «Air India» авиакомпаниясынын «Дели-Бишкек-Дели» маршруту боюнча Индия тарабынан Индиядагы Кыргызстандын жарандарын чыгаруу үчүн уюштурулган чартердик каттам менен келишкен.

Индия тарап менен жетишилген келишимге ылайык, бул каттам менен келген кыргызстандыктардын көбү дарылануу жана ар кандай иштерди аткаруу ж. б. максатында Индияда болушкан.

Азыркы учурда чет жерден келгендердин баары белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылды.

Мамлекет башчысы койгон милдеттерди аткаруу, анын ичинде чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча дагы улантылууда.