31.05.2020 09:00

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык келди

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык келди

Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай алардын ичинен 217си чоң кишилер жана 16 бала.

Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирген.

Учурда келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

Ошондой эле мекенине кайтууну каалаган чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча иш-чаралары уланууда.