26.05.2020 13:00

Москадан 372 кыргызстандык мекенине жолго чыкты

Москадан 372 кыргызстандык мекенине жолго чыкты

Бүгүн Москвадан Бишкекке 372 кыргызстандык менен чартердик каттам учуп кетти.  Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашты.

Жалпы 319 кой бойлуу аял жана ошондой эле эки жашка чыга элек кичинекей балдары бар 53 аял мекенине сапар алганы айтылууда.

Кой бойлуу аялдардын баардыгында авиа каттам менен учууга уруксаат берген дарыгердин тиешелүү документтери бар. Ошондой эле учакта бизнес-класска авиабилет алган 26 жаран бар. Алардын катарында ооругандар жана жакындары дүйнөдөн өтүп, акыркы сапарга узатуу зыйнатына бараткандар бар. Мындан сырткары Россия тараптын өтүнүчү менен бизнес-класста РФ беш жараны келе жатат.

Кыргызстанга кайтуу үчүн дагы 1 миң 500 адам кезек күтүп жатат. Алардын катарында ооругандар, кой бойлуулар, жашы жете элек балдар жана жаш курагы өтүп калган адамдар бар.