26.11.2018 12:00

Адил Турдукулов: Атамбаевдин оппозицияга өткөнү азыркы бийликтин көөп кетпешине чоң салым кошот

Адил Турдукулов: Атамбаевдин оппозицияга өткөнү  азыркы бийликтин көөп кетпешине чоң салым кошот

«Кыргызстан кечээ, бүгүн, эртең» күн мурун ушундай аталыштагы курултай өтүп, анда бир катар маселелер талкууланды. Аталган курултай жана узап бара жаткан аптада жүз берген саясий окуяларды талкуулоо үчүн «Апрель» телеканалынын студиясында жарандык активист - Адиль Турдукулов. 

- Саламатсызбы! Курултайга сиз да катыштыңыз, негизинен эмне жөнүндө сөз болду? 

- Чындыгында, ал жерде кандайдыр-бир бирдиктүү позиция болгон жок, ар кандай ойлор айтылды. Негизинен, мурунку президенттин иши, ага карата баа жана азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун ишине баа, ошонодой эле талаптар коюлду. Алар: саясий туткундар бошотулсун, реформа жүргүзүлсүн, Конституцияга өзгөртүү киргизилсин деген сөздөр. Мындай курултайлар бир саясий сезондон экинчисине уланып эле келе жатат.  Кээ бирлери Курултай институтун Баш мыйзамга киргизиш керек деп айтып келатышат, бирок, мен ага анчейин кошула бербейм. Курултай -мазмуну боюнча парламенттин функциясы. Бирок, азыр биздин Жогорку Кеңеш күн карама депутаттардан турган үчүн элдин үнүн жеткиргендер аз болуп жатат. Оппозициянын функциясын алар таптакыр аткарбай жүрүшөт. Ошондуктан, Курултай элдин үнүн угузуу трибунасы болуп жүрөт. Ошондуктан, биз дагы саясатчылар болобу, жарандык активисттер болобу, баарыбыз ошо трибунаны колдонуп жүрөбүз. 

-Өткөрүлгөн Курултайлар максатына жетип жүрөбү?

- Кечээки Курултай мурункусунан айырмаланып, ар кандай саясий күчтөрдүн биримдиги менен өткөрүлдү. Экинчи жагынан, бийлик дагы буга кандайдыр-бир тоскоолдук кылуу аракетин жүргүзгөн жок. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана президент аппаратынын жетекчиси орун басары Алмаз Кененбаев катышты. Бул - жакшы жөрөлгө. Алар бүт талаптарды жазып чыгышты. Биз 2019-жылдын 7-апрелинде дагы бир жолу курултай өткөрүүнү пландап койдук. Анда Сооронбай Жээнбековго коюлган талаптар аткарылдыбы же аткарылган жокпу, ошол маселе талкууланат. Менимче, азыркы курултайга караганда, ошол курултай маанилүүрөөк болот. 

- Бул курултайлар саясий абалга таасир эте алабы? 

- Таасир эте алат. Жаңы шайланган президент тамырын жайып кетпеш үчүн саясий күчтөр биригип, бийликке кандайдыр бир белги берип, талап коюп туруш керек. Азыр ал мүмкүнчүлүктөн колдонуп калбасак, 1-2 жылдан кийин бийлик бүт тамырын созуп, элин үнүн ал жакка жеткирүү кыйын болуп калат. 

- Азыркы президенттин бул кызматка дайындалганына мына, туура бир жыл болду. Бир жыл иштеген президентке баа берүү эрте эмеспи?

- 100 күндүн ичинде эле ар кандай реформа жасаса болот. Менимче, Сооронбай Жээнбеков коомдун, ар кыл саясий күчтөрдүн үнүн угууга өзү дилгир болуп жатат. Ар кайсы ойлорду эске алганы жакшы жөрөлгө. Анткени, буга чейинки президент анткен эмес. 

Экинчиден, коңшу мамлекеттердин лидерлери менен мамилени оңдоого жол ачты деген ойдомун. Үчүнчүдөн, түндүктүк кадрды түштүккө, түштүктүк кадрды түндүккө жиберүү менен регионалдык дисбалансты жоюуга аракет кылып жатат. Коррупция менен күрөшөм деп жарыя салды, бирок, бул жерде тандалма негизде саясий куугунтук болуп жаткан жокпу деген да суроолор азыркыга чейин бар. 

Эң негизгиси, сөз эркиндигине системалык басымды токтоткону, өзү баштап ошого барганы -абдан жакшы жөрөлгө деп ойлойм. Бирок, ошол эле убакта, азыркыга чейин саясий туткундар азыркыга чейин абакта отурганы бизди түйшөлтөт. 

- Бул жолугушууларды өткөргөнү -жакшы жышаан. Бирок, алардан майнап чыгат деп ойлойсузбу? Мына, эң акыркысы, экс-премьер-министр, спикерлер менен жолугушуу болду. 

- Формалдуу жолугушуу эмес экенине ал жакка Мадумаров менен Эркебаевдин келгени жакшы мисал. Ошол эле атуулдук коом менен жолукканда, ал жакка Токтакунов, Равшан Жээнбеков келди. Оппозициялык маанайдагы адамдар менен жолугуп, алардын оюн укканга дилгир экени - жакшы жышаан. Ал жакта айткандарды аткарабы, аткарбайбы деген суроону көтөрүп чыгуунун өзү да туура. Ал үчүн президентте 5 жыл бар. Эртерээк аткарууну биз талап кылып жатабыз, көрө жатаарбыз.

 

- Учурда экс-президент менен азыркы президенттин ортосунда тирешүү жүрүп жатканы эч кимге жашыруун деле эмес. Бул, сиздин оюңузча, эмне менен аяктайт?

- Атамбаев өзүнө оппозициялык функцияны алганы жакшы нерсе. Ал үчүн анда каржылык, маалыматтык ресурстар бар. Эли да бар керек болсо. Оппозициялык маанайдагы саясатчы болуп, керек болсо, каршылаштары менен жолугуп, алар менен кызматташып баштаганы менин оюмча, жакшы жөрөлгө. Бул азыркы бийликтин көөп кетпей, кандайдыр-бир авторитаризмге багыт албай, үй-бүлөлүк башкаруу түзбөй, өзүнө бийликти олчойтуп ала бербей, элдин дагы маанайын укканга жана оппозиция менен кызматташканга, ошону менен 3-революция болбошуна чоң бир салым болот деген ойдомун. Мен Атамбаевдин оппозиция болгонун кубаттайм. Менин оюмча, Атамбаев үчүнчү революцияны жасап жиберет дегенден кооптонбош керек. Ал өзү 2005-жылдагы Бакиевге карата оппозиция, же андан мурунку Акаевге карата оппозициядан айырмаланат. Анткени, ал өзү Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келген. Мурунку 6 жыл жана Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келген 6 жыл үчүн ал өзү жоопкер. Ошондуктан, ал өзү алып келген адамды бийликтен алып түшсө, өзү да аны менен кошо чөгүп кетиши мүмкүн. Экинчи маселе, Кыргызстан буга чейин деле саясий технологиянын полигону болуп келген. Бизде сырткы күчтөрдүн таасири абдан күчтүү. 2010-жылы түштүк жергесинде болгон жаңжалды эстесек болот. Ошондуктан, эгерде кандайдыр бир жаңжалдар башталып кетсе, тышкы күчтөр дагы таасир этип, Кыргыз мамлекети жок болуп кетиши мүмкүн. Муну менин оюмча, Атамбаев деле билип, туюп турат.  Атамбаев 2010-жылга чейин КСДПны күчтөп, парламенттик шайлоого катышууну эң негизги багыттардын бири катары карап жатат. 

- Атамбаевдин акыркы маегинен кийин айрымдар түндүк-түштүк маселесин козутуп жатат деп чыгышты. Буга сиз кандай карайсыз?

- Мен буга кошула бербейм. Буга чейин деле айтып келгем. Чынында, бизде ошондой адат калган. Акаев Масалиевге оодарса, Бакиев Акаевге оодарып, Отунбаева да ошол жол менен кетти, Атамбаев да ошол жол менен кетти - бүт күнөө Бакиевчилерде дешти. Азыркы бийлик деле көп айырмаланган жок. Бүт проблемаларды азыр Атамбаевге оодарып жатат. Менин оюмча, бул - туура эмес. Мурунку бийликти мокочо кылып көрсөтүп, ошону менен өзүнүн ишин реабилитация кылып же көрсөтпөй коюу жолун тандабаш керек. Саясий күрөш мыйзам жолунда дагы болуш керек жана саясий этиканы да жогорулатсак жакшы болмок.  

- Акыркы суроолордун бири болсун, айтылуу 24 млн доллар— сиздин кесиптешиңиз Токтакунов чыгарган документ жөнүндө ар кандай сөздөр айтылып жатат. Бул-фэйк документ дегендер бар, ошол эле Алмазбек Атамбаев бул чындык деди. Бул документ боюнча сиздин оюңуз кандай?

- Токтакуновдун айтканы фэйкпи-жокпу аны тийиштүү органдар аныкташ керек. Менин оюмча, бул документ чын документ болушу мүмкүн. Анткени, биз баарыбыз эле билебиз, шайлоодо мыйзамда каралган суммадан он эсе жогору акча сарпталат. Бирок, бул акча бир гана КСДП фракциясынан чыгарылган эмес, ошол эле «Республика-Ата Журт» деле ошондой акча чыгарган, керек болсо, андан көбүрөөк да болушу мүмкүн. 

Андыктан, шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизип, ачык шайлоо болушу үчүн баарыбыз аракет кылышыбыз керек. 

- Бул документтин ачыкталышы бир нерсеге таасир этиши мүмкүнбү? Мисалы, ошол эле шайлоонун легитимдүү эмес болгону тууралуу сөздөр айтылып жатат. 

- Легитимдүүлүк тууралуу айта турган болсок, анда андан одоно мыйзам бузуу катары ошол эле 2010-жылдагы декреттерди айтсак болот. Мисалы, ошол эле Дүйшөбаев, Каптагаев, Бекназаровдор Атамбаевди мокочо катары, кыргыздын эң башкы душманы катары көрсөтүп жатышпайбы. Бирок, алар өздөрү аны бийликке алып келген, аны унутуп калышат да. Ошол мыйзамсыздыкты баштаган өздөрү экенин унутуп жатышат. Ошол эле биринчи декреттерди өздөрү кабыл албады беле? 300-400 млн долларга чейин Кыргызстандан чыгып кеткени, түштүктө жаңжал болгону, «Азия универсал банктан» акча уурдалганы - мына ушулардын бири боюнча да азыр кылмыш иши козголо элек. Менин оюмча, эгерде мыйзамсыздык жөнүндө айтсак, анда ошол жерден башташ керек деп ойлойм. 

- Сизге чоң рахмат.