04.07.2019 11:13

«Адилеттүүлүктү коргоо» комитети Кылычбек Султандын УКМКга чакыртылышы боюнча президентке кайрылды

«Адилеттүүлүктү коргоо» комитети  Кылычбек Султандын УКМКга чакыртылышы боюнча президентке кайрылды

«Адилеттүүлүктү коргоо» комитети мурунку элчи Кылычбек Султандын эч себепсиз УКМКга чакыртылып жатышы боюнча президентке, башкы прокурорго жана УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге кайрылуу жасады.

«Кечээтен бери кыргыз тилдүү ири «Super.kg» медиасынын ээси жана саясатчы Кылычбек Султандын себеби көрсөтүлбөй туруп, суракка чакыртылып жатканы мыйзамдуу негиз жок экенин көрсөтөт. Негизги милдети чалгындоо жана чалгынга каршы иш алып баруу болгон УКМК Кылычбек Султанды экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы штабына барып келгенден кийин чакырып баштады. «Адилеттүүлүктү коргоо» комитети УКМКнын бул иш-аракетин сөз эркиндигине жана оппозициялык саясий ишмердүүлүккө болгон кысым деп баалайт. Мындан улам, Кылычбек Султанга карата болуп жаткан саясий куугунтукту токтотууну, Кыргызстан жарандарынын конституциялык укугу менен эркиндигин сактоону талап кылабыз», - деп жазылат кайрылууда.