09.03.2020 13:38

Адвокат: Бийлик эртең "Зомбулукка каршы" акциясына чыккандардын коопсуздугун камсыз кылышы шарт

Адвокат: Бийлик эртең "Зомбулукка каршы" акциясына чыккандардын коопсуздугун камсыз кылышы шарт

Адвокат Нурбек Токтакунов эртең, 10-мартта боло турчу “Зомбулукка каршы” митингинде бийликтен коопсуздукту камсыз кылууну талап кылды. Бул тууралуу укук коргоочу өзүнүн Facebook-баракчасына жазып чыкты.

Анын баамында ички иштер органдары жана жергиликтүү башкармалык эртеңкиге пландалган тынчтык акциясына катышып жаткандардын коопсуздугун сакташы керек.  Айтымында атайын чагымчыл күчтөр "каршылык акциялары – гей парад" деп туура эмес маалымат таркатышууда.

“Күн мурун калпак кийип, медициналык беткап тагынган белгисиз чагымчыл адамдар Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен макулдашып алып иш кылышты”, -деп айтылат кыйрылууда.

Ал каршылык акциясы айымдарга карата көрсөтүлгөн зомбулукка каршы болгондугун эске салып, милиционерлер чагымчылдарды эмес, айымдарды кармап кеткенин сынга алган.

“Туур эмес маалыматтарды тараткан жарандарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылам”, - дейт Нурбек Токтакунов.

Эске салсак, күн мурун, 8-мартта Бишкекте «Аялдардын шериктештик маршы» өтмөк. Бет кап, калпак кийген белгисиз адамдар анны узгүлтүккө учуратып, жүрүшкө чыккандарды милиция кармап кеткен. Укук коргоочулар, эл аралык уюмдар зомбулукка каршы жүрүштүн катышуучуларынын кармалышын кескин айыпташты.