18.10.2019 18:28

Аэропорттун мурдагы жетекчиси тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылды

Аэропорттун мурдагы жетекчиси тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат «Манас» аэропортуна келтирилген 5 миллион доллар өлчөмүндөгү зыян боюнча шектүү катары кармалган, аэропорттун Бишкек филиалынын мурдагы директору Мирлан Бегалиев тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылганын кабарлады, деп жазат «Азаттык».

Финансы полициясы 30-сентябрда кармалган Бегалиевге Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») шектүү болуп жатканы тууралуу 2-октябрда кабарлама берилгенин, шектүү өз айыбын мойнуна алып тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирет. Шектүүдөн кылмыштын башка катышуучуларына карата баалуу маалыматтар алынган.

Ушул жагдайларга жана кылмыштуу ачууга багытталган тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу, Жазык-процессуалдык кодекстин негизинде кылмыш ишинин бул фигурантынын бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү тууралуу өтүнүч сот тарабынан канааттандырылган. Финполициянын өтүнүчү менен сот шектүүнү кызматынан бошоткон.

Финансы полициясы «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын 1-октябрда жарыялаган. Андагы маалыматка ылайык, 2014-жылы ошол кездеги аэропорттун жетекчилиги мыйзамсыз түрдө өз кызыкчылыгын көздөп, 5 миллион долларды офшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткен. Бул үчүн компаниянын жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгон.

Аталган иштин алкагында 30-сентябрда 2014-жылы «Манас» аэропортунун юридикалык бөлүмүн жетектеген, Бишкек филиалынын ошол учурдагы башчысы Мирлан Бегалиевдин камакка алынганы кабарланган болчу. 2-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 30-ноябрга чейин үй камагына чыгарган.

Мирлан Бегалиев өзүнө козголгон иш боюнча эч кандай комментарий бере элек.